Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын VII сессиясы
2017-жылдын 18-майы № VII/I
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башына калганкалдыгынан 63,5 миң сом акча каражатын айыл аймагына курула турган «Беккари» чуңкурун курууга курулушка өздүк салымга которуп берүү жөнүндө депутаттардын ой пикирлерин угуп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык КеңешининVII чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январына кирешенин эсебинен калган акча каражатынан 31113290 статьясына 63,5 миң сом, мал чарбасынын жана рынокту-1 долбоору аркылуу айыл аймагына курула турган «Беккари» чуңкурунун курулушуна өздүк салым катары жайыт комитетинин счётуна которулуп берилсин.
2. Өздүк салым катары бөлүнгөн акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К. Султановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Сары-Ой айыл аймагынын айыдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев |