Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры № 32/7
Семиз-Бел айыл аймагындагы жеке менчикке ɵтүп кеткен бала бакчаны сатып алуу жөнүндө
Семиз- Бел айыл ɵкмɵтүнүн Семиз-Бел айылындагы менчикке чыгып кеткен бала бакчаны кайрадан элге сатып алуу боюнча баалоо комиссиянын жыйынтыгы жана ‘элдин суроо талабы боюнча депутаттардын сунушун угуп, талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылындагы менчикке чыгып кеткен бала бакчаны сатып алуу үчүн баалоо комиссиянын жыйынтыгы менен айыл ɵкмɵтүнүн бюджетиндеги бош калган акча каражатынын эсебинен 1200,0 (бир миллион экижүз миӊ) сом өлчөмүндө акча каражаты бɵлүнүп берилсин.
2. КыргызРеспубликасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жɵнүндɵгү» Мыйзамына ылайык бала бакчанын документтерин мыйзамдаштыруу жана акча каражатын бɵлүп берүү айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев |