Редакцияот 10.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы

2016-жылдын 10-октябры № 92

Александровка айыл аймагында 2017-жылга калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

 

Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Н.Р.Никеевдин маалыматын угуп чыгып.

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4-бөлүгүнүн 339-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 7-бөлүгүнүн 3-беренесине ылайык жана калк конуштарынын айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларына жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенттин керек болгондугуна байланыштуу:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы короо участкаларын, бакча короо участкаларын, үйдүн алдындагы участкаларын колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:

Александровка айылы – 1,0

Беш-Көрүк айылы - 1,0

Крупский айылы - 1,0

2. Александровка айыл аймагынын калк конуштарындагы айыл чарбага дайындалбаган жерлерин колдонуу үчүн К-3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:

Александровка айылы – 1,2

Беш-Көрүк айылы - 0,9

Крупский айылы - 1,1

3. Салык бөлүмүнүн адистерине күнүмдүк иштеринде жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентин жетекчиликке алуу сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы М.Ю.Давузовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш. Ягузов