Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы
2016-жылдын 10-ноябры № 101
Крупский айылынын 2016-жылдын 2-ноябрындагы жыйынынын №1 протоколунун негизинде жана Крупский айылыныдагы малдын башынын көбөйүшүнө жана коомдук малды кайтаруучу айылдык жайыттын жоктугуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Крупский айылынын жайыт комитетине сугат жерлеринен №76 контурдан (14,1 га), 77-контурдан (19,4 га), 96-контурдан (24,1 га), 97-99 -контурлардан(3,4 га) жалпы аянты 61 га жер участкасы 5 жылга жер салыгын төлөө менен, жана социалдык фондко төлөм которуу менен ижара төлөмүнөн бошотулушу менен Крупский айылынын жайыт комитетине бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы жогорудагы көрсөтүлгөн жерге ижара келишимин түзсүн.
3. Александровка айыл аймагынын жайыт комитети келишимди Москва райондук мамлекеттик каттоо органынан каттоодон өткөзүүгө милдеттеринсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Ягузов |