Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы
2016-жылдын 18-ноябры № 103
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставынын долбоорун айылдык жыйнындарда, чогулуштарда талкуулап чыгып жергиликтүү коомдоштуктан, айылдык кеңештин депутаттарынан түшкөн сунуштарын эсепке алып, Александровка айылдык кеңешинин буюрмалардын жана токтомдордун аткаруусу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп чыгып жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Александровка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул Токтом жана Александровка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу этникалар аралык мамилелер жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик Агенттигинин вебсайтында жарыялансын – www.gamsumo.gov.kg.
3. Ушул Токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамаатынын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылырынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жоргузуу Александровка айылдык Кеңештин социалдык маселелер, элдик билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Ягузов |