Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-апрели № 3/1
Жекенди айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын Жарандык коом менен өз ара тыгыз иш алып барууну күчөтүү, жарандарды жана алардын бирикмелерин макулдашылган чечимдерди такуулап, кабыл алууга тартуу, коомчулука өз иши тууралуу дайыма маалымат берип туруу, Жекенди айылдык аймагынын жана анын кызмат адамдарынын иш багытынын ажырагыс элементинен болуп калууга тийиш” экендиги камтылган жобонун талабын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан ачык айкындуулук паспорту бекитилсин.
2. Жекенди айылдык аймагынын иштелип чыккан ачык айкындуулук паспортунун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык аймактын башчысы Н.Акматовго жана аппарт кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге тапшырылсын.
Төрага | С.Д. Халилов |