Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 5/1
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жекенди айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетиндеги ОсОО “Аньбанк” нефт – газ компаниясы тарабынан лицензияны кармоо үчүн чегерилген 1392,5 (бир миллион үч жүз токсон эки мин беш жүз) мин сом акча каражатын 2017 – жылдын II кварталына кошумча план кошуу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Чон-Алай башкармалыгынан суралсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын киреше жагынын кошумча акча каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
Аппарат
- Чулук айылына санарип имаратын курууга 110,0 мин сом
- Кара-Мык айылындагы спортзалга өздүк салым – 250,0 мин сом.
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
- Чулук айылындагы таза суунун башын ондоо үчүн 50,0 мин сом
- Шибээ айылынын ички жолдоруна шагал тошоо үчүн – 300,0 мин сом,
- Жекенди айылына ички жолдоруна шагал тошоо үчүн – 150,0 мин сом,
- Шибээ айылына ФАП куруу үчүн долбоор, ИТУ, АПУ үчүн – 150,0мин сом,
- Көпүрөөлөрдү курууга долбоор даярдоо үчүн – 150,0 мин сом
Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иш чаралар
- Өзгөчө кырдаалга -232,50 мин сом
Жалпы: 1392,5 мин сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | С.Д. Халилов |