Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 29
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Идирисовдун жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борборунда иштеп жаткан врач анестезиолог Аматов Анарбайга Каргалык айыл өкмөтүнүн резерв фондунан 20,0 миң сом материалдык жардам берилсин.
2. Сунушталып жаткан калган акча каражатын райондук деңгээлде башка булактар менен карап чечүү жагы райондук администрацияга сунушталсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Е. Кашкариевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |