Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 30
№ 2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Базаркулов Толкунбектин туруктуу комиссияларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 4 Аэропорт шайлоо округунан шайланган депутат Идирисов Атырбек «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына мүчө болуп киргизилсин.
2. Айлдык кенештин регламентине ылайык иш жүргүзүү жагы депутат Идирисов Атырбек Казыбековичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын
Төрага | Р. Жунусакунов |