Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 32
Карагалык айылдык кенешинин «Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясыньш төрагасы Базаркулов Толкунбектин Макмал алтын кен комбинатынын 2016-жылы жүргүзүлгөн иштери боюнча билдирүүсүн жана Макмал алтын комбинатынын башкы инженерии А.Абазовдун депутаттардын суроолоруна берген жообун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макмал алтын кен комбинатынын 2016-жылда жалпы жүргүзүлгөн иштери боюнча маалымат бергендиги белгиленсин.
2. 2017-жьшга карата социалдык пакетине районго жана Каргалык айыл өкмөтүнө жардам көрсөтүү жагы даана жана так көрсөтүлсүн, райондун Каргалык айыл өкмөтүнүн чегине тиешелүү сунуш, жардамдарды Каргалык айылдык кеңешке жана өкмөткө билдирип туруусун колго алынсын.
3. Макмал алтын комбинатына караштуу «Нур жайык» кичи районундагы коп кабаттуу үйлөрдүн санитардык-гигиеналык абалын жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерин колго алуу жагы белгиленсин.
4. Макмал алтын комбинатындагы пайдалануудан чыгарылып калган эски техникалар, станоктор жана башка инвентарларды Каргалык айыл өкмөтүнүн .аймагындагы муктаж мекемелерге социалдык жардам катары берүү жагы каралсын.
5. Каргалык айыл аймагындагы тоголок жетим, жарым жетим балдарга социалдык жактан жардам көрсөтүү жана жумушсуздарды жумушка алуу жагы Макмал алтын комбинатынын жетекчилигине тапшырьшсын.
6. Макмал алтын комбинатынын жумушчу-кызматчыларын ташуучу район ичиндеги автоунаа жолдорун капиталдык ремонттон өткөрүү жагы Макмал алтын комбинатынын жетекчилигине жүктөлсүн.
7. Макмал алтын комбинатынын 2016-жылга карата кабыл алган жылдык план-тапшырмасы аткарылбагандыгына байланыштуу тиешелүү адистерге чара көрүп берүү жагы Кыргыз алтын ачык акционердик коомунун жетекчилигинен суралсын.
8. Бул токтомду аткаруу жагы Макмал алтын комбинатынын директору К.Б.Дыйкановго тапшырылсын.
9. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |