Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 36
"Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы Улукбек Молдобековдун билдирүүсүн жана "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа жумуштарына даярдыктардын жүрүшү, айыл чарба шаймандарынын техникалык абалы тууралуу "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К.Аразовдун берген маалыматы айрым кемчиликтерин эске алуу менен угулду деп табылсын.
2. 2017-жылга карата "Таза кызмат" муниципалдык ишканасына берилген план-тапшырмаларды 100% га аткаруу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовго милдеттендирилсин.
3. Оруп-жыюу өнөктүгүнө айыл чарба техникаларын толук кандуу даярдыкта алып чыгуу жагы "Таза кызмат" муниципалдык ишканасынын директору К. Аразовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдуу аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кенешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |