ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VI-ЧАКЫРЫК V СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 18-марты № 05
«Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылындагы 12,0га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 2017-жылдын 13-март №11/1-7-319-17 сандуу сунушу, Ош областынын райондор аралык сотунун 2015-жыл 22-декабрындагы №АД-000526/15 сандуу чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2016-жылдын 8-июлундагы №АД00526/15 МО К/О №6-635/16 АД аныктамасынын негизинде Таш-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Эшме” участкасынан Б.Батировго берилген 12,0га жер аянты мамлекеттик фонду жерлерин көп жылдык бак- дарак ээлеген жерлерине кайтарып баланска алынсын.
2. Керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жана каттоодон өткөрүү Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Ташлановго милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик фондко алынган 12,0га жер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-ж.№1997-III токтомунун негизинде пайдаланууга берүү айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик фондко алынган 12,0 жер аянтын каттоодон өткөрүү Сузак райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөтүлсүн.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |