Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 01
Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында ВИЧ илдетине чалдыккан энеден туулган баланы кургак сүт менен 1 жашка чейин камсыз кылуу, айылдардын жолдорун (ямочный ремонт) оңдоого муктаж экендиги тууралу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р.Аманкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 6 айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча каражат эсебинен ВИЧ илдетине чалдыккан энеден туулган баланы кургак сүт менен 1 жашка чейин камсыз кылуу үчүн 20,0 мин сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн Аскерге каттоо бөлүмүнүн имаратынын чатырын оңдоого каралган 170,0 мин сом акча каражаттын 70,0 мин сому Таш-Булак, Доскана жана Гулистан айылдарынын жолдорун (ямочный ремонт) оңдоо иштерине жумшалсын.
3. 6 айдын жыйынтыгы менен түшкөн кошумча каражат эсебинен 45,0 мин сом акча каражат Доскана айылына бала бакча, ФАП имаратын курууга смета жана документтарин жасоо үчүн бөлүнүп берилсин.
4. 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизип, тактоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго тапшырылсын.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |