Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 03
Таш-Булак таза-суу коомдук бирикмесинин башчысы А.Абдухалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичимдик таза суунун тарифи 01.01.2017-жылдан баштап айына ар бир түтүнгө төмөндөгүчө бекитилсин.
-Таш-Булак, Дмитровка, Доскана, Гулистан, Ынтымак айылындагы №1,№2, скважинадан жана Живпром участкасынан суу ичкен ар бир түтүнгө-150сом.
-Чолок-Терек жана Ынтымак айылынын Жаны-Арал участкасынан суу ичкен ар бир түтүнгө-200сом.
2. Эгерде үйүндө краны жок болуп ташып ичсе жогоруда көрсөтүлгөн тарифтин 50% төлөнсүн.
3. Айыл кыштактарда суу түтүктөрүнөн туура эмес пайдаланган жана суу акысын өз убагында төлөбөгөндөрдүн суу түтүктөрү кыркып салынсын.
4. Сууну уруксатсыз түшүрүп алынса, сууну туура эмес пайдаланса мыйзам чегинде айып пул салынсын.
5. Үйлөргө суу түшүрүү үчүн таза-суу ишканасына 1000сом төлөп уруксат алып, адистин көзөмөлүндө түшүрүлсүн.
6. Скважиналарды графиктен ашыкча убакыт иштеген ар бир саатына кошумча 100сомдон төлөнсүн. (ар түрдүү кырсыктан сырткары)
7. Ушул токтомду айылдардын элдерине түшүндүрүү жана ишке ашыруу жагы айыл өкмөттүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “Таш-Булак таза-суу”, “ Дмитровка”, “ Жети-Кошкон”коомдук бирикмесинин мекемесинин жетекчилерине тапшырылсын.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |