Загрузка документа…
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-июлу № 5
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жыл №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жыл №169 токтомун, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 13.06.2017-жылдагы №184-сунуш катын негиздеп, көчкү коркунучундагы элдердин кайрылуусун, суроо талаптарын сессияда угуп, талкуулап Таш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жер көчкү коркунучуна дуушар болгон айылдарынын жашоочуларын көчүрүп чыгуу жана жер участкасына өтө муктаж уй-бүлөлөргө турак жай куруу үчүн Чолок-Терек айылындагы №3-контурдагы 8,0га, Доскана айылындагы №377-контурдагы 6,0га, Дмитровка айылындагы №43-контурдагы 5,0га, Птицафабрика участкасындагы №69-контурдагы 4,5га, Сасык участкасындагы №356-контурдагы 3,0га, жалпысы 26,5 (жыйырма алты жарым)га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Турак жай куруу үчүн тандалган жерге мыйзам чегинде керектүү иш кагаздарын даярдап, тез аранын ичинде турак-жай курууга жер ажыратып берүү иш аракеттерин жасоо жагы айыл өкмөт башчысы Н.Самидиновго жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
3. Жер көчкү кырсыгынан сактоо максатында ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
Төрага | Шермат уулу Алмаз |