Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № 8
Ак-Суу айыл Өкмөтү 2016-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2017 -жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн Финансы-Экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х. Кушбаковдун жана Айылдык Кеңешинин бюджеттин жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга бюджети жана 2017-2019-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Републикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы- экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогорудагылардын негизинде депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2016-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 8360,4 мин сом эсебинде киреше жана 8360,4 чыгашалары №1,2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 9533,8 мин сом олчомундо № 3,4-тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы балдар бакчаларынын, ата-энелер взносунан түшкөн каражаттары айыл өкмөтүнүн каражаттары катары эсептелинсин.киреше жана чыгашалары 666,0 мин сом өлчомундө 5-6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2017-жылга Ак-Суу айыл окмотунун бюджетинин чыгашаларынын 196,7 мин сом жетишпестиктерин кошумча каржылап беруу жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
5. 2017-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү гранттын өлчөмдөру каралып биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондко тамак аш жана комуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү № 7 тиркемеге , жергиликтуу салыктардын нормативтери № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Райондук казына бөлүмү аркылуу Ак-Суу айылдык Кенешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн эсебине түшүрүлүп чыгымдалышына жетишилсин.
7. 2017-жылга Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышын жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө, соц.фонд чөгөрүү жана тамак аш сатып алууга).
8. Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жонундо Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубтар , китепканалар коргонуу, соц. коргоо, билим беруу жактан жеңилдиктер Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
8. 1-январь 2017-жылга бюджеттик каражаттардан калган 701,8мин сом акча каражаттарынын сметасы № 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2016-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2017-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
11. Ак-Суу айыл өкмотүнун бюджетине кирген өзгөртүүлөр айылдык кенештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынаары белгиленсин.
12. Айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетти боюнча 2017-жылдын 1-январына карата жургузүлүүчү кассалык накталай акча 50 мин суммасында белгиленсин.
13. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга каралган бюджети 2017-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
14. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Торага | А Саматов. |