Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-январы № 1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү” Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актыларды жөнүндөгү” Мыйзамдын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184-токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын типтүү жобонун 6-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ”Айдаркен шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик (кыргыз) тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтомду каттоодон өткөрүү жагы Баткен областтык Юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айдаркен шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы Манасова Гульхан Сабирбаевнага жүктөлсүн.
Төрага | Ж.М. Алиев |