Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 5
Айдаркен шаардык Кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап жана шаардык мэриянын салыктар боюнча башкы адиси А. Базаркулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Айдаркен шаардык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участкаларынын коммерциялык багытта берилген ижара акысы кв.м. 15 (он беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Эгин эгүү үчүн пайдаланылган жердин ижара акысы 1 сотых үчүн 55 (элүү беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жогоруда белгиленген өлчөм жыйымдарын чогултуу жагы шаардык мэриянын салык адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтом каттодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик нормативдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Баткен Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Ж.М. Алиев |