ТоктомКүчүндө

Айдаркен шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 23-январындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-пунктун бекитип берүү жөнүндө» токтому

Редакция23.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин 2 - чакырылышынын III-сессиясы

 

2017-жылдын 23-январы № 6

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-пунктун бекитип берүү жөнүндө»

 

Айдаркен шаардык мэриясынын салыктар боюнча башкы адиси А. Базаркулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Салык Кодексинин 339-статьясынын 4-пунктун жетекчиликке алуу менен Эл депутаттарынын Айдаркен шаардык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-статьясынын 4-пунктунун негизинде Айдаркен шаарынын аймагындагы коммерциялык мекемелерден алынуучу айыл чарбасына арналбаган жер салыгы К3 аймактык коэффиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтом каттодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик нормативдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Баткен Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

Төрага

Ж.М. Алиев