Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 7
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 49-бөлүмүнүн 337-беренесинин 6-пунктуна таянып, шаар бюджетин көбөйтүү максатында, жер салыгын эки эсеге көбөйтүү жөнүндөгү маселе боюнча Айдаркен шаардык мэриясынын салыктар боюнча башкы адиси А. Базаркулованын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Айдаркен шаардык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын аймагындагы жер салыгынын базалык ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 49-бөлүмүнүн 337-беренесиинин 6-пунктуна таянып, мыйзам чегинде эки эсеге көбөйтүү жагы бекитилсин.
2. Токтом каттодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик нормативдик актылардын реестрине киргизүү үчүн Баткен Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Ж.М. Алиев |