Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 12
Айдаркен шаардык мэриясынын шаардык Кеңешке жиберилген 2017-жылдын 16 – февралындагы №96-катын жана сунушун карап чыгып, талкуулап Айдаркен шаардык Кеңешинин 2-чакырылышынын VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагында бодо малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча Айдаркен шаардык мэриясынын 2017-жыл 16-февраль №11-буйругунун 2-пункту аткарууга алынсын жана маалымат базасын киргизүү үчүн иштеген оператордун айлык акысы ар бир бодо малдын башына карап резервдик фонддон 15 (он беш) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышы Айдаркен шаарынын мэринин милдетин аткаруучу А.К. Козубаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.М. Алиев |