Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 12/1
Кара-Суу айыл аймагыныны айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 25.01.2018-жылдагы Кара-Суу айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунда кабыл алынган “Инфраструктуранын өнүгүшү адамдын жашоосунун негизи” жана “Маданият жашообуздун күзгүсү” долбоорлору бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен “Инфраструктуранын өнүгүшү адамдын жашоосунун негизи” долбоору 580 000 (беш жүз сексен миң) сом, “Маданият жашообуздун күзгүсү” долбоору 150 000 (бир жүз элүү миң) сом кошумча каржылансын.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Кочкор райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Осмоновго тапшырылсын.
Төрага | Т. Курткаев |