Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-октябры № 46
М.Нургазиев атындагы орто мектебинин алдындагы мектептин пайдалануусундагы тозулган жерди Сейил бак кылуунун максаты аксакалдарыбыз, жаштарыбыз жана балдарыбыз эс ала турган жай замандын талабына ылайык болуп турат.
Мындан сырткары бул жер менчикке берилип таланып кетпеши үчүн токтом кабыл алуу зарыл. Сейил багы статусун берип муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө Бюджет комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев атындагы орто мектебинин пайдалануусундагы мектеп алдындагы бакты «Үч-Терек айылынын Сейил багы» статусун берип муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын сунушу колдоого алынсын жана «Үч-Терек айылынын сейил багы» болуп айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. «Үч-Терек айылынын Сейил багынын» жерин мыйзам чегинде тактап документацияларын бүткөрүү жагы жер адиси К.Абазовго жана архитектор Ш.Туйтуловго милдеттен дирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Торага | А Саматов. |