Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
8-кезексиз сессия
2018-жылдын 1-февралы № 41/VIII-27
Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары менен биргеликте өткөн жыйындын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 30-январындагы №58/01-14 катын карап чыгып
КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2018-жылдын башында калган бюджеттик эркин калдыктын эсебинен 69000,0 (алтымыш тогуз млн.) сом өлчөмүндөгү акча каражатын төмөнкү түрдөгү кызматтарга бөлсүн:
-. №4-КОМГнын улай салынган курулушуна (башталгыч мектеп) 30000,0 (отуз миллион) сом;
-. Шаар ичиндеги жолдорду оңдоого (жолдун полотнолорун чуңкурларын оңдоо, кум-шагыл аралашмасын төгүү, жол чийимдерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу) 11600,0 (он бир миллион алты жүз ) миң сом;
-. жалпы билим берүү мекемелерине жабдыктарды алууга 1500,0 (бир миллион беш жүз) миң сом;
-. көчө жарыктарын орнотууга (Ванахуна көч., Л.Толстой көч., Дачная көч., Полевая көч., Матросов көч.) 7500,0 (жети миллион беш жүз) миң сом;
-. көп батирлүү үйлөрдүн короосун көрктөндүрүү иштерине (Московская көч., 1- к/р.) 5000,0 (беш миллион) сом;
-. кургатуу боюнча иш-чараларын жүргүзүүгө (Чупра каналы) 4000,0 (төрт миллион) сом;
-. №2-КОМГ, №3-КОМГсында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө (ички дааратканаларды орнотуу) 2000,0 (эки миллион) сом;
-. Кант шаарынын аймагына видеобайкоо системаларын орнотууга 5000,0 (беш миллион) сом;
-. Кошумча төлөө боюнча чыгымдар (аппарат) 2400,0 (эки миллионтөрт жүз) миң сом;
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине квартал сайын маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |