Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
8-кезексиз сессия
2018-жылдын 1-февралы № 41/VIII-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Кант шаарынын мэри Э.Дж.Абдрахмановдун, Кант шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.К.Узбекованын “Кант шаарынын мэриясынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы, Кант шаарынын мэриясынын 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө” маалыматын угуп
КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын “Кант шаарынын мэриясынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы, Кант шаарынын мэриясынын 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү”, маалыматы эске алынсын, киреше бөлүмүнүн суммасы 156036,6 (жүз элүү алты млн. отуз алты миң алты жүз) сом, чыгаша бөлүмүнүн суммасы 177409,6 (жүз жетимиш жети млн. төрт жүз тогуз миң алты жүз) сом, жыл аягына каражат калдыгынын суммасы 69693,9 (алтымыш тогуз млн. алты жүз токсон үч миң тогуз жүз) сом, анын ичинде бюджеттик каражат 58761,7 (элүү сегиз млн. жети жүз алтымыш бир миң жети жүз)сом, атайын каражаттын эсебинен 10932,2 (он млн. тогуз жүз отуз эки миң эки жүз) сом.
2. Кант шаарынын мэриясынын 2018-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнө 137618,7 (жүз отуз жети млн. алты жүз он сегиз миң жети жүз) сом бекитилсин, анын ичинен:
бюджеттик каражат 130318,7 (жүз отуз млн. үч жүз он сегиз миң жети жүз) сом;
атайын каражат 7300,0 (жети млн. үч жүз миң) сом.
3. Кант шаарынын 2019-2020-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу жактырылсын.
1) 2019-жылга кирешенин жана чыгашанын божолунун суммасы 146254,7 (жүз кырк алты млн. эки жүз элүү төрт миң жети жүз) сом, 2020-жылдын божомолунун суммасы 155425,7 (жүз элүү беш млн. төрт жүз жыйырма беш миң жети жүз) сом;
2) Шаардын бюджетинин 2019-2010-жылдарга карата болжолдонгон параметрлерин кабыл алууда конкретүү мезгилге жараша такталып турууга жатат.
4. Кант шаарынын бюджетинин 2018-жылга карата бөлүмү такталсын жана 2019-2020-жылдарга бюджетин болжолдорунун түшүү булактары №1-тиркеменин негизинде түзүлсүн.
5. 2018-жылга чыгашаларды каржылоо шаардык боюджеттин эсебинен 2-11-тиркемелерге ылайык аныкталсын.
6. 2018-жылга чыгашаларды каржылоо так алынган кирешелердин чегинде аныкталсын. Аны менен катар, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар(эмгек акы, социалдык фондго төлөмдөр, дары-дармектер, тамак-аш) жана коммуналдык төлөмдөр каржылансын.
7. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу корголгон беренелердин чыгашалары азайып, же көбөйүшү мүмкүн.
8. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги муниципалдык мекемелерге жана уюмдарга жүктөлсүн.
9. 2017-жылдагы толук каржыланбайалган чыгашалар 2018-жылдынбюджетинде каралган, бөлүнгөн каражаттардын чегинде компенсациялансын.
10. 2018-жылыКант шаардык мэриясынын шаардык бюджетине салык агенттеринин жеке киреше салыгынын жердин астын иштетүү (алтын, нефть, газ иштетүүнү алып таштаганда) нормативдик түшүүлөрү 50% чегинде, сатуудантүшкөн салык-50% болуп бекитилсин.
11. Муниципалдык мекемелердин кирешелери, бюджеттик каражаттарынан жана атайын каражаттарынын сметасынанашык түшкөн каражаттар толугу менен шаардык бюджеттин карамагында караштырылсын.
12. Муниципалдык уюмдарга мекемелерге бюджеттик жана атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын .
13. Кант шаарынын мэрине ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешеден чыгашанын көп болушуна байланыштуу 2018-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен берилсин.
14. 2018-жылга шаардык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 1%га чейинки чекте Кант шаардык мэринин резевдик фонду 520,0 (беш жүз жыйырма миң) сом суммасында түзүлсүн.
15. Кант шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык өнүгүү бөлүмүнөшаардык бюджетинаткаруу процессинде киреше бөлүмүн ашык аткаруудан түшкөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти койгон социалдык маселелерди чечүүгө мамлекеттик жана улуттук программаларын ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын токтомдоруна, райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык кеңештин жана шаардык мэриянын токтомдоруна муниципалдык кызматкерлердин сыйлоого демилге берүүгө, коммуналдык тейлөөлөрдөгү карыздарды төлөөгө, керек болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга, ЖӨБОна убактылуу каржылык жардам берүүгө жана башка чыгымдарды жумшоого каралсын.
16. Кант шаардык мэриясынын каржы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмү Кант шаарынын мэри Э.Дж.Абдрахмановдун макулдугу менен Кант шаардык кеңешинин жана Кант шаардык мэриясынын кызматкерлерине жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен 5 айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акы (жарым жылдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча Нооруз, КРнын Эгемендүүлүк Күнү, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Күнү) төлөп берүү каралсын.
17. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-тиричилигин жакшыртуу максатында арыздын келип түшүшүнө карата жана турмуш-тиричилиги изилденгенден кийин 1000 (бир миң) сомдон 10000 (он миң) сомго чейинки эсеп материалдык жардам көргөзүлсүн, катаал турмуш шартта каржылоо шартка жараша көбөйтүлсүн.
18. Кант шаарынын мэриясы мектеп алдындагы жайкы лагерлерди уюштурууга 2018-жылдын башында калган эркин калдыктардын эсебинен 400 (торт жүз) миң сом бөлүп берсин.
19. Калк менен жакшыртуу, санитардык тазалоо маселелерибоюнча иш алып барууга көмөктөшкөнү үчүн, шаардын коомдук жашоосуна катышканаймактык өзүн-өзү башкаруу органынын жетекчилерине, аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө ай сайын келишимдин негизде сыйлоокөрсөтүлүп турсун. (№12-13-тиркеме).
20. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу Кант шаарынын мэриясынын аппараты үчүн алынган “Тойота Кэмри” маркасындагы №5577 SKмамлекеттик номерлүү автоунаасы шаардык кеңештин аппаратына күйүүчү-майлочуу майларыменен 100% жана керектүү запастык бөлүктөрү жана ошондой эле башка транспорттук тейлөөлөрү менен 2018-бюджеттик жылга пайдаланууга берилсин.
21. Башкы адис-юрист (Адылов С.) автоунааны Кант шаардык кеңешине убактылуу аппаратына колдонууга берүү боюнча мыйзам-жобого ылайык тиешелүү документтерди даярдасын.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизиндеКант шаардыкмэрине шаардык бюджеттин эсебинен сыйлоо жана кызматтыкэмгек акыны бекитүү, муниципалдык кызматкерлерге жана шаардык мекемелердин,муниципалдыкуюмдардын жумушчуларына кошумча эмгек акы чектөө укугу сакталсын.
23. Кант шаардык мэриясы 2018-жылдын башында калган эркин калдыктардын эсебинен Кант шаардык кеңешинин жана Кант шаарынын мэриясынын кызматкерлерине төмөнкү базалык ченде 5 (беш) миң сом өлчөмүндө ай сайын төлөөгө акча каражатын бөлүп берсин.
24. Кант шаардык мэриясы 2018-жылдын башында калган эркин калдыктардын эсебинен 134,0 (жүз отуз төрт миң) сом өлчөмүндө акча каражатын %5-КОМнин өндүрүштүк билим берүү чеберлерине 2018-2019-жылга кошумча маяна катарында бөлүп берсин.
25. Мэриянын жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин ишине түрткү берүү максатында тамак-ашка 150 (жүз элүү) сом күнүнө жана байланыш үчүн 200 (эки жүз) сом айына 2018-жылдын башында калган эркин калдыктын эсебинен төлөп берүү жүргүзүлсүн.
26. Кант шаарынын мэриясы 2018-жылдын башында калган эркин калдыктан Кант шаарынын мэриясынын архивариусуна төмөнкү базалык ченде 5,0 (беш миң) сом жана тамак-ашына күнүнө 150 (жүз элүү) сом бөлүп берсин.
27. Кант шаардык кеңешинин чечиминин негизинде Кант шаардык мэриясына 2018-жылдын башында калган бюджеттик эркин калдыктарды керектөө чегинде колдонууга руксат берет.
28. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |