Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
5-кезексиз сессия
2018-жылдын 17-июлу № 26/V-27
Кант шаарынын мэриясынын 12.07.2017-ж. №481/01-25 «Узун-Кыр айыл өкмөтүндөгү “К.Айдарбеков атындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү” долбоорунун жетишпеген бөлүгүн каржылоо үчүн ссуданын бөлүнүшү жөнүндө» катын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Ысык-Ата райондук башкармалыгынын 10.07.2017 -жылдагы № 106-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы Узун-Кыр айыл өкмөтүндөгү “К.Айдарбеков атындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү” долбоорунун жетишпеген бөлүгүн каржылоо үчүн 2017-жылдын башталышындагы бюджеттик каражаттын эркин калдыгынан 650,0 (алты жүз элүү миң) сомду 01.12.2017-жылга чейинки мөөнөттө бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кант шаардык кеңешине 11.12.2017-ж. чейин маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |