АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XVI-сессиясынын
2018-жылдын 9-февралы № 16/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2017-жылдан калган калдык акча каражатынын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1) Жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдан калган: негизги счеттон 5 363 200 сом;
Атайын каражат 265 700 сом;
Баары: 5 628 900
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1. Айылдык Кеңештин төрагасына айлык акыга: 2018-жыл үчүн: 1200 сомдон 10 кезектүү сессияга 12 000 сом;
2. Аксакалдар сотунун айлык акысына: 1 500 сомдон 12 айга 18 000 сом;
3. Аксакалдар сотунун айлык акысы 2017-жыл үчүн: 1500 сомдон 12 айга 18 000 сом;
4. Спорт инструктордун айлык акысы: 9 800 сомдон 12 айга 118 500 сом, аппараттагы техникалык кызматкердин айлык акысынын деңгээлинде.
5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис айлык акысы: 9 800 сомдон 12 айга 118 500 сом, , аппараттагы техникалык кызматкердин айлык акысынын деңгээлинде.
6. Соц.фондук чегерүүлөргө 17,25% 49 200 сом;
Жалпы: 334 200 сом
7. Айыл өкмөтүнө атайын техника сатып алууга 3 500 000 сом;
8. Ички жолдордун проектиси, ремонту 500 000 сом;
9. Видео көзөмөл 50 000 сом;
10. Айылды өнүктүрүүгө 150 000 сом;
11. Жайыт үчүн өздүк салымга 150 000;
12. Мектеп мүлктү учурда оңдоо, ремонт 200 000 сом;
13. Спортту өнүктүрүүгө 200 000 сом;
14. Конбайынга 60 000 сом;
15. Ар кандай кызматтарга 219 000 сом;
16. Бала бакчанын род взнос 265 700 сом;
Жалпы: 5 628 900 сом.
17. Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын;
18. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
19. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | А. Абдырахманов |