Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 16/3
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга карата киреше-чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;
2. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 3 799.8 сом;
2) Теңдештирилген грант – 7 274.5 сом.
Баардыгы: 11 074 300 (он бир миллион жетимиш төрт миң үч жүз) сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
1) Башкаруу аппаратына – 7 476.9 сом; Р-701 11
2) Китепкана 174,3 сом; Р-708 21
3) Маданият тармагына – 636.5 сом; Р-708 23
4) Бала бакчага – 833,2 сом; Р-709 11
5) Атайын каражат- 212,0 сом; Р- 709 11
6) Мектеп - 1 435,4 сом; Р-709 21
7) Экономикалык маселелер (жайыт комитети)- 306.0 сом; Р- 704
Баардыгы: 11 074 300 (он бир миллион жетимиш төрт миң үч жүз) сом.
3. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) 2019-жылга
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 3 853,0 сом;
Теңдештирилген грант- 7 223,1 сом.
2) 2020-жылга
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар- 3 911,0
сом;
Теңдештирилген грант- 6 977,7 сом.
4. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмдө акча каражаты түшүп, тиешелүү статияларга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 10.01.2007-жылдагы № 09-229 буйругунун негизинде берилсин;
5. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде, чыгашаларды атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: Т. Жумакадыровго тапшырылсын;
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | А. Абдырахманов |