Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 16/4
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 400 000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- Ак-Муз айылынын ден-соолугунан жабыркаган жардамга муктаж төмөндөгү
тургундарына 170 000 сом берилсин:
Черикбаева Кыялга 50 миң сом;
Боскунчиев Жыргалбекке 50 миң сом;
Чаарова Күлайымга 70 миң сом;
Ак-Муз айылынын социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар, мүмүнчүлүгү чектелген тургундарына 200 000 сом;
Ак-Муз айылындагы Афган, Баткен, ЧАЭСтин катышуучуларына 30 000 сом;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Төрага: | А. Абдырахманов |