Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 16/5
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б.Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын;
2. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин.
2018-жылга жалпы бюджет 459 800 сом;
-41 104 сом жайыттарды жакшыртууга;
-153 266 сом айыл өкмөтүнүн счетунда калат;
-65 520 сом жайыт жер үчүн салыгы;
- 96 000 сом төраганын айлык акысы;
-60 000 сом бухгалтердин айлык акысы;
-26 910 сом 17,25 % социалдык төлөмгө;
-12 000 сом ГСМ кызматтык кыдырууга;
-3000 сом концелярдык товарга;
-2000 сом ар кандай чыгымдар үчүн;
4. 2018-жылга бир баш малга төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:
-50 сом бир баш бодого, тыштан келгенге 100 сом;
-10 сом бир баш кой-эчкиге, тыштан келгенге 20 сом;
5. Токой чарбанын жайыт жерин пайдаланган айыл тургундары үчүн жайыт акынын 70 % төлөнсүн;
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин башчысы Б. Абдылдаевге тапшырылсын.
Төрага: | А. Абдырахманов |