Редакцияот 09.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштын XVI-сессиясынын

 

2018-жылдын 9-февралы № 16/7

Ак-Муз айыл аймагынын жер аянттарын пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6 пунктуна, Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 9-январь 2018-жылдагы № 08-23 сандуу катына ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын каатал климаттык шарттын эске алып, жер аянттарын пайдлангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөрүүсүз калтырылсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Абдырахманов