Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 16/8
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын маданият үйүнүн машыгуу залынын спорт инструктору Нуркемелов Кубандын кызмат орду кызкартылып, анын ордуна айыл өкмөтүндө сатып алуулар боюнча кошумча кызмат орду ачылсын.
2. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн сатып алуулар боюнча кошумча кызмат ордуна финансы- экономика тармагындагы билими бар адисти келишимдин негизинде кабыл алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага: | А. Абдырахманов |