Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 17/4
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүндө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагында 4-гранты ишке ашыруу жактырылсын.
2. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн контур 999 дагы кампага тиешелүү жер аянтынын түндүк тарабынын ичинен 10000 чарчы метр жер аянтына муниципалдык менчикке тоют сактоочу кампа салууга уруксаат берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4 .Курулуш иштери толук аяктагандан кийин бир айлык убакыттын ичинде Ат-Башы райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн турак-жай адиси Э. Алымкуловго тапшырылсын.
5. Тоют сактоочу кампанын проектисине жана каттоодон өткөрүүгө кетүүчү акча каражатын өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага: | А. Абдырахманов |