Редакцияот 28.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылыш кезектеги VIII сессия

 

2018-жылдын 28-майы № 4

Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жашоочуларын үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоо жөнүндө

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.05.2018-ж. чыг.№06-02/1109-сандуу катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасына жана туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде, Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жашоочуларын үзгүлтүксүз ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жашоочуларын үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн “Тайгараев Тунук Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынан чыгарылып, “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берүүгө уруксат берилсин.

2. “Тайгараев Тунук Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансындагы 5 даана скважинаны, жалпы узундугу 27 км суу түтүктөрүн жана 20 даана кудуктарды мыйзам талаптарын сактоо менен “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча иш алып баруу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) жана “Жалал-Абад сууканал” башкармалыгына (А.Мусаев) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары

М. Тургунбаев