Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 6
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренелерине ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 13.03.2018-жылдагы чыг.”06-5/161, 17.04.2018-жылдагы чыг.№06-5/253, 02.05.2018-жылдагы чыг.№06-5/298-сандуу каттарды шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин балансында турган физикалык жешилүүдөн пайдалануу эффективдүү болбой калган төмөндөгү:
1989-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери 2129 DA, ГАЗ-53 ассенизатор автоунаасын;
1992-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери 0550 DU, BMW 520 үлгүсүндөгү жеӊил автоунаасын;
2006-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери 1383 DA, ГАЗ 3309 маркасындагы автоунаасын;
2006-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери 1387 DA, ГАЗ 3309 маркасындагы автоунаасын;
2008-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери 1393 DA, ГАЗ 3309 маркасындагы автоунааларын аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы 3 комплект компьютерди Жалал-Абад шаардык архитектурага оперативдүү башкарууга өткөрүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын коммуналдык чарба департаментинин балансындагы 2009-жылы чыгарылган, XDL-120A үлгүсүндөгү экскаватор-трактор физикалык жешилүүгө дуушар болуп, натыйжалуу иштебегендиктен аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
4. Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) мыйзам чегинде карап, мыйзамдын талаптарына ылайык жогорудагы автоунааларды аукцион аркылуу сатуу үчүн жана оперативдүү башкарууга өткөрүлгөн мүлктөр боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |