Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 8
Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде Жалал-Абад шаарынын аймактык башкарууларынан түшкөн каттарды Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын чечимине ылайык Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун аталышы жок 14-көчөгө Саламаттыктык сактоонун мыктысы, Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу, дарыгер кардиолог Исираилов Абдибалинин (лат. Abdibali Isirailov) ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан 7 гектар участкасындагы аталышы жок көчөгө Эмгек ардагери Калмуратов Апинин (лат. Api Kalmuratov) ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөнү тактап берүү жагы жүктөлсүн жана жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |