Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 10
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Өнүгүү” фракциясынын лидери М.Адылбековдун сунушун Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары талкуулап, депутаттардын пикирлерин эске алуу менен шаардык кеӊештин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.04.2018-жылдагы кезектеги VI сессиясынын 5-токтомунун 3-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн: “Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсү, 111 дарегинде жайгашкан «Дан Юг» ЖЧКна караштуу 4027 чарчы метр жер тилкесин «П-1» (өнөр-жай) зоналык категориядан «Ж-3» (турак жай) зоналык категориясына өзгөртүүгө уруксат берилсин”.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына КРнын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |