Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 11
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.04.2018-ж. чыг.№02-03/811-каттын негизинде Жалал-Абад шаардык кенешинин “Өнүгүү” фракциясынын лидери М.Адылбековдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Мыйзамынын 55-беренесинин 3-4-пункттарын негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Птицеград кичи районундагы №20–кварталдык комитеттин аймагындагы Достук-19-көчөсү менен Зияйдинов көчөсүнүн кесилишинен тартып күн чыгыш тарап, суу сактагычка чейинки шаардын территориясына тийиштүү болгон конуш жаны кварталдык комитет болуп түзүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына түзүлгөн кварталдык комитетти юстиция органдарынан каттоого алынуусуна көмөктөшүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |