Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 12
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-пуктунун 4-пунктчасына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.Мустапакулованын баяндамасын угуп жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтымышев Руслан Алтымышевич - Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэр муниципалдык кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Оморкулов Алымбек Пазылбаевич - Жалал-Абад шаарынын Жашылдандыруу чарбасынын башчысы кызматына дайындоого макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |