Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 13
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19 – беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2018-жыл 23-мартында кайрылган чыгыш №04-09/713-катты жана 22.05.2018-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен шаардык кеӊештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына караштуу нан бышыруучу цехти ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) мыйзам чегинде карап, мыйзамдын талаптарына ылайык нан бышыруучу цехти ижарага берүү үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары | М. Тургунбаев |