Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу № 38
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 10-июлундагы аппараттык кенешмесинин протоколдук тапшырмасынын негизинде Марказ айылындагы «М. Улугбек» орто мектебин жана «Кыргызстандын 10 жылдыгы» орто мектебин бириктирүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айылындагы «М. Улугбек» орто мектебин жана «Кыргызстандын 10 жылдыгы» орто мектебин бириктирүү жөнүндөгү маселе элдик жыйынга коюлуп кийинки сессияга калтырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |