Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу № 40
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 «2018-2020-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Марказ айыл аймагынын 2017-жылдын 22-августундагы №18 токтому менен кабыл алынган «Марказ айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү Программасын» бекитүү максатында Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү Программасы бекитилсин.
2. «2018-2020-жылдарга Марказ айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасында» кабыл алынган иш-чаралардын планы жактырылсын.
3. Марказ айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү Программасындагы кабыл алынган иш-чараларды туруктуу комиссиялар аркалуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык Кенештин сессияларында кароо жагы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Марказ айылдык Кенешинин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Шамшиев |