Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 41
Марказ айыл аймагынын Ош-Баткен авто жолу жаныдан курулуп жаткандыгына байланыштуу жол четиндеги бак дарактарды кыюу боюнча маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын Ош-Баткен авто жолу жаныдан курулуп жаткандыгына байланыштуу жол четиндеги бак дарактарды (тыт, арча, жангак, өрүк, бадал, тал, акчечек, алча) акттын негизинде кыйып айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам катарында берилсин.
2. Марказ айыл аймагындагы Ош-Баткен авто жолдун боюндагы чынарлардын баасын эсептеп чыгуу үчүн экономика финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аткарылган иштер боюнча маалыматты берүү туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Тургуновко жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |