Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 42
Марказ айыл өкмөтүнө караштуу КБФдагы тыт плантациясынан жол куруучуларга база куруу үчүн 1,0 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл өкмөтүнө караштуу КБФдагы тыт плантациясынан жол куруучуларга база куруу үчүн 1,0 га жер аянты эки жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Марказ айыл өкмөтүнө караштуу КБФдагы тыт плантациясынан жол куруучуларга база куруу үчүн берилген 1,0 га жер аянтын тийиштүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап куруу жагы №46-жолдорду тейлөө мекемесинин башчысы С. Ысмановко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Тургуновко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |