Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-ноябры № 33/7
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн айылдарында жолбун иттерди жана карышкыр, чөөлөрдү аттырууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда жолбун иттерди, карышкы чөөлөрдү аттырууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча ФЭБ башчысы А.Касымованын маалыматын угуп талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы жолбун иттерди, карышкы чөөлөрдү аттыруу үчүн 20,0 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын которуп берүү жагы ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев |