Загрузка документа…
ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VI сессиясы
2017-жылдын 29-сентябры № 4
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Д.Давидовдун билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жерлеринин ижара өлчөмдөрү жана ижара мөөнөттөрү төмөндөгүчө белгиленсин.
а) Көкөлөпаш айылынын № 129-133-контурундагы 25,30 АЧЖМ фондунун суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 8000,0 сомдон, 128-контурундагы 6,0 га АЧЖМ фондунун суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 9000,0 сомдон, Пахтачы айылынын № 48-контурундагы 1,72 га АЧЖМ фондунун суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 8000,0 сомдон, Жаркыштак айылынын № 24-33-контурундагы 7,25 га АЧЖМ фондунун суулу жерлерининг ижара өлчөмдөрү гектарына 9000,0 сомдон, Пахтачы айылынын № 48-контурундагы 2,02 га АЧЖМ фондунун суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 8000,0 сомдон, Төлөйкөн айылынын № 96-97-контурундагы 2,62 га суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 8000,0 сомдон, Жакшылык айылынын № 168-контурундагы 10 га АЧЖМ фондунун суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 8000,0 сомдон, 162-153-контурундагы 55,50 га жана Максым-Тобу айылынын № 209-контурундагы 6,0 га АЧЖМ фондунун суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 8000,0 сомдон, ижара мөөнөтү 5 жыл деп белгиленсин.
2. Жаркыштак айылынын № 15-контурундагы 2,70 га АЧЖМ жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 7000,0 сомдон (ижара мөөнөтү 5-жыл), Ак-шар участкасынанын № 1005-1008, 1015-1053 жана 1049-контурларындагы 40,35 га АЧЖМ фондунун суулу жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 1000,0 сомдон (ижара мөөнөтү 5-жыл), Караташ участкасындагы 149,0 га АЧЖМ фондунун чоп-чабынды жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 300,0 сомдон (ижара мөөнөтү 5-жыл), Гулбаар участкасындагы 20,0 га АЧЖМ фондунун кысыр-аёыз жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 600,0 сомдон (ижара мөөнөтү 5-жыл), Пахтачы айылынын № 428 контурундагы 3,40 га АЧЖМ фондунун кайрак жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 1000,0 сомдон (ижара мөөнөтү 3-жыл), Ак-шар участкасындагы 10,0 га кайрак АЧЖМ фондунун жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 200,0 сомдон (ижара мөөнөтү 5-жыл), Кочубаев айылынын № 641-642-контурундагы 12,0 га АЧЖМ фондунун кайрак жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 1000,0 сомдон (ижара мөөнөтү 3-жыл) жана Кызыл-Кат участкасындагы № 8-контурундагы 28,0 га АЧЖМ фондунун кайрак жерлеринин ижара өлчөмдөрү гектарына 400,0 сомдон ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл кылы белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча бекитилген комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Ж. Нурматов |