ЧЕК- АБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VI сессиясы
2017-жылдын 29-сентябры № 5
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу турак жай фондунун жерлерин кеңейтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Чек-Абад айылдык Кеңешинин аймагында айыл тургундардын жеке тартипте үй курууга жер участогу алуу үчүн муктаждарды көп болгондугун эске алып, ошондой эле алардын талаптарын канааттандыруу, турак-жай фондунун жерлерин кеңейтүү максатында айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун № 8-контурундагы 28,0 га кайрак айдоо жер аянты жеке тартипте турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнөн “Калктуу конуштар жерлери” түрүнө которууга уруксат берүүсү суралсын.
2. Айыл өкмөтүнүн “Турак-жай маселелери боюнча” жетектөөчү адиси Д.Давидовго жогоруда аталган жалпы аянты 28,0 га жердин категориясын өзгөртүү менен байланышкан документтерди даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Чек-Абад айылдык Кеңешинин агрардык жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Ж. Нурматов |