Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышынын депутаттарынын кезектүү №2 сессиясы
2017-жылдын 2-февралы № 01-3/2
Көк-Сай айыл округундагы “Бел” СПАнын каналынын реабилитациялоо жолу менен оңдоого алынган кредиттик төлөмдөрдүн аткарылбагандыгынын себеби жөнүндө “Бел” СПАнын кеңешме мүчөлөрү кайрылган “Бел” СПАнын жана Көк-Сай айылдык аймагынын өкмөтүнүн берген маалыматын карап, Талас рег.СПАларды КБ башчысы Молдобеков З.нын 28-июль 2016-жылы өткөзгөн жыйынын протоколун окуп чыгып Көк-Сай айылдык аймактык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Сай айыл округуна караштуу 1638 га суу баскан жерибиз бар, ар жанга 23 сотых суугат жер бөлүнгүн, калган кайракы жерлерибиз иштелбейт, тоого жакын айыл болгондуктан, жылына табигаттын кырсыктарынан кур эмеспиз, ар жылы жаз жана күз айында мөндүр уруп же нөшөрлөгөн жамгыр жаап дыйкандар тиккен өсүмдүктөрдү сел жууп кетет. 2006-2007-2008-2015-2016-жылында жаз айында күн жаанчыл болуп, жана нымдуулук көп болгондуктан, курт көпөлөк болуп учбай жер астында калып, дыйкандар тиккен төө бурчактардын тамырларын кыркып, үстү биттеп ооруп калды. Мындан башка ар кандай өсүмдүктөрдүн өсүшү бийик болгону менен дан байлоосу начар болуп калды. Анын үстүнө тоого жакын айыл болгондуктан, жаздын күнү суук шамал болуп, жайында жерибиздин көпчүлүк жери таштак эңкейиш болгондуктан, жайдын чилдесинде керимсел шамал уруп, дыйкандар тиккен өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү өтө төмөн болуп, тиккен эгиндеринин чыгымдары акталбай калууда. Ушуну эске алып караганда, өкмөттүк ар кандай төлөмдөрдү төлөшү кыйынчылык туудуруп турат. Көк-Сай округуна караштуу 1638 га суу баскан жэринин ичинен СПА “Бел” каналына илинген 871 га жердин дыйкандарынын мойнунда 1828732,79 сомду түзгөн реабилитация кылып, ремонт жүргүзгөн кредиттик акчанын төлөмү кыйынчылыкты келтирип турат. Бүгүнкү күндө жашоо шарты начар болгонун эске алып, дыйкандар төлөөчү 1828732,79 сомду толугу менен жоюп берүүсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суранат (Кредитор: Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин ыйгарымдуу өкүлү Б.Баденов, Суу чарба департаментинин ыйгарымдуу башкармасынын генералдык директору К.Таштаналиев)
2.Ушул чечимди карап чыгып берүү жагы Кара-Буура райондук жана ошондой эле Талас облусунун СПАны колдоо жана жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси Молдобеков З. Кара-Буура райондук СПАны колдоо жана жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси Норузбаев У. суралсын.
3. Чечимди көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссияга жана башкы адис Айталиев Ашымга жүктөлсүн.
Төрага | Жаманкулов. А |