Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышынын депутаттарынын кезектүү №3 сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 01-3/2
Көк-Сай айылдык аймактык кенеши Көк-Сай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун ,2017-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун карап жана талкуулап чыгып Көк-Сай айылдык аймактык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Сай айылдык аймактык кенеши 2016-жылкы бюджетинин киреше бөлүгү 6787,6мин сом, чыгаша бөлүгү 6566,0мин сом аткарылышы бекитилсин.
2. 2017-жылга айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгү 8449,3мин сом чыгаша бөлүгү 8449,3мин сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
· Киреше бөлүгү төмөнкү булактардан түшүүсү белгиленсин.
· Киреше салыгы -895,0мин сом
· Киреше салыгы (патенттик негизде) -108,0мин сом
· Кыймылсыз мүлктөн түшүүчү салык-26,1мин сом
· Автотранспорт ээлеринен түшүүчү салык-125,0мин сом
· Кожолук огороддон түшүүчү жер салыгы-123,0мин сом
· Айыл чарбасынан түшүүчү жер салыгы-685,0мин сом
· Айыл чарбасы эмес жерден түшүүчү салыгы-55,0мин сом
· Сатуудан түшүүчү салык-160,0мин сом
· Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы- 54,0мин сом
· Кайра бөлүштүрүү фондусунан түшүүчү аренда -430,0мин сом
· Ата-энелер төлөмү-572,0мин сом
· Жайыттан түшүүчү салык-334,4мин сом
· Жалпы жергиликтүү киреше- 3567,5мин сом
· Тендештирүүчү грант -4881,8мин сом
· Жалпысы 8449,3мин сом
3. Чыгаша бөлүгү төмөнкү тармактарга чыгымдалышы белгиленсин.
· Көк-Сай айыл өкмөтүнүн аппаратына 3748,9мин сом
· Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш чаралар-120,0мин сом
· Көк-Сай,Кайнар айылдарындагы спорт комплекстерге- 385,3мин сом
· Көк-Сай Кайнар айылдык китепканаларына- 227,8мин сом
· Көк-Сай Кайнар айылдык маданий үйүнө-326,5мин сом
· А.токтогожоев,Керимбай орто мектептерине-1474,1мин сом
· Гулбадам жана Насип балдар бакчасына- 1662,1мин сом
· Эмгек жана социалдык өнүктүрүү боюнча иш чаралар-225,0мин сом
· Жайыт бөлүмү-279,6мин сом
· Жалпысы 8449,3мин сом
4. Гулбадам жана Насип балдар бакчасынын атайын каражатка түшүүчү ата-энелер төлөмү бир балага күнүнө 18 сомдон чегерилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана чыгаша бөлүгүнүн бекитилген чыгым статьялары боюнча аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
6 .Бюджетти аткаруу процессинде айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр берилсин
· Жыл ичинде сметанын чегинде статьядан статьяга, бөлүмдөн бөлүмгө ошондой эле кварталдан кварталга жылдырууларды жүргүзүп турууга жана өзгөртүүлөрдү атайын эсептер боюнча жүргүзүүгө.
7 .Жүргүзүлгөн сметалык өзгөртүүлөрдү жылдыруулардын эсебинен кварталдын жылдын жыйынтыгы менен айылдык кенеште бекитүүгө сунушталсын.
8 .Кыргыз республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тейлөө кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын КРӨ №22 токтомуна ылайык төлөнүп берилсин.
9. 2016-жылга айылдык аймагынын накталай кассалык акча жүгүртүүсү 1,0сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө төмөнкү салык түрлөрү планда көп көрсөтүлгөн.
Киреше түрү | статьяча | 2017-ж бекитиген план | 2016-жылы аткарылганы | Айрыма |
Киреше салыгы | 11111100 | 895,0 | 821,80 | 73,20 |
Сатуудан түшкөн киреше | 11412100 | 160 | 45,3 | 114,70 |
баардыгы |
| 1055,0 | 867,10 | 187,90 |
Жогорудагы ашык сумма 187,9сомду түзөт.
11. Айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүүдө чыгаша бөлүгү боюнча зарыл болгон чыгымдарды республикалык бюджеттен алынуучу каражаттан каржылоо жагы Кыргыз Респуликасынын Финансы минитрлигинен суралсын.
12. Кирешелер ашык түшкөн болсо чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде жумшалсын.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айылдык аймактык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Султановго милдеттендирилси
Төрага | Жаманкулов. А |