Загрузка документа…
КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык Кенешинин VI –чакырылышынын депутаттарынын кезектүү №3 сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 01-3/5
Көк - Сай айылдык аймактык Кенеши, Көк - Сай айылдык аймагынын № 704 чөйрө сызыгындагы Шекер - Көк - Сай унаа жолунун күн батыш бетиндеги токой тилкесиндеги кураган, сынган жана бадал болуп калган кара талды кыйуу боюнча топтолгон иш кагаздарынын негизиндеги кайрылуусун карап, талкуулап Көк - Сай айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк - Сай айыл өкмөтүнүн № 704 чөйрө сызыгындагы Шекер - Көк -Сай унаа жолунун күн батыш бетиндеги токой тилкесиндеги куураган, сынган жана бадал болуп калган кара талдарды кыюуга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн буйругу менен тиешелүү болгон комиссия курамы түзүлсүн.
3. Айыл өкмөтү жашылдандыруу көрктөндүрүүнүн үч айлыгынын жүрүшүндө ордуна жаш көчөттөрдү отургузуу жагы милдеттендирилет.
4 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Жаманкулов. А |